Шайлоодо журналисттерге кол салган «Ош-Тазалыктын» кызматкери иштен кетти

Достук Жолдошов.

Жокорку Кеңешке болгон шайлоодо журналисттердин ишине тоскоолдук кылды делген «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына караштуу полигондун башчысы Достук Жолдошов өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Таштанды таштоочу полигондун жетекчиси Достук Жолдошов 4-октябрда «Клооп» басылмасынын журналисттерине кол салганы кабарланган. Мэриядан журналисттердин кайрылуусунан кийин «Ош-Тазалыктын» кызматкери иштен кеткенин маалымдашты.

«Достук Жолдошов өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Ал буйрукка «Ош-Тазалыктын» башчысы Нурбек Исмаилов кол койгон. Бул иш боюнча «Клооптун» журналисттери бизге да кайрылган. Ошол себептүү аны кызматтан бошотуу боюнча ооз эки сунуш бергенбиз», - деди Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Ошто шайлоо күнү «Клооп» интернет-басылмасынын кабарчылары Хамидулло Узаков жана Айбике Адилет кызына шаардагы №5316 шайлоо участогунда белгисиз бирөөлөр кол салып, алар түз эфирге чыгып жаткан телефонун тартып алышкан.

Кабарчылар белгилегендей, алар добуш берүүдөгү мыйзам бузуу фактылары тууралуу түз эфирде айтып берип жатышкан. (DU)