Индияда суук адамдарды түйшүккө салды

Индиянын айрым аймактарында катуу суук адамдарды түйшүккө салууда. Коюу туман менен коштолгон ызгаар Нью-Дели, Амритсар шаарларынын тургундарын кат-кат кийинүүгө аргасыз кылды.

«Аябай суук болуп атат, коюу тумандан улам беш метр жердеги адамды көрүү кыйын болуп жатат», - деп абалды сүрөттөдү Амритсар аймагынын тургуну. Ал эм Жамму, Кашмир, Химачал-Прадеш аймактарына жааган кар аймак аралык байланышка жолтоо болууда.

Түштүк Азия өлкөлөрүндө кышында суук деле болбойт. Бирок бул аймактарда миллиондогон адамдар, анын ичинде кедей-кембагалдар ачык асман алдында түнөп, жылуу кийими жок болгондуктан көбүрөөк жабыркайт. Мындай суукта каза болгон адамдар да арбын.