Орусияда оппозициячыл активист Любовь Соболго иш козголгону кабарланды

Любовь Соболь.

Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын үзөңгүлөшү, Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристи Любовь Соболго карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөш фондунун директору Иван Жданов «Твиттердеги» баракчасына жазды. Маалыматка ылайык, жарандык активистке карата өлкөнүн Кылмыш кодексинин «Турак-жайдын кол тийбестигине күч колдонуу же колдонууга аракет кылуу» беренеси боюнча иш ачылган. Бул маалымат боюнча расмий органдар комментарий бере элек.

Ага чейин полиция Соболдун батиринде тинтүү жүргүзүп, өзүн суракка алыш үчүн Тергөө комитетине алып кеткени кабарланган.

Оппозициянын тарапташтары полициянын аракети Любовь Соболдун Навальныйды ууландырууга катышты деген Федералдык коопсуздук кызматынын офицерине жолугуу аракетине жооп катары болуп жатат деп эсептешет.

Навальный атайын кызматтын агенти катары сөз болгон Константин Кудрявцев менен сүйлөшкөнүн жарыялаган күнү аны менен жолугууна аракет кылган журналисттердин арасында Соболь да бар болчу.

33 жаштагы Любовь Соболь - Алексей Навальныйдын көрүнүктүү үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ал Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристи катары Орусиядагы жогорку жетекчилердин мыйзамсыз байлыгын ашкере кылган иликтөөлөргө катышкан. Соболь 2019-жылы Москва шаардык кеңешине шайлоого катышууга аракет кылып, бирок шайлоо комиссиясы аны каттабай койгон. Бул үчүн бир нече нааразылык акциялары өткөн.