«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка «Тез жардам» автоунаалары алынды

Жаңы «Тез жардам» автоунаалары.

25-декабрда Өкмөт Үйүнүн алдында «Соболь», «Газел» үлгүсүндөгү «Тез жардам» автоунаалары Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди.

«Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатка алынган 37 автоунаанын 12си - «Форд Транзит» үлгүсүндөгү жасалма дем алдыруучу реанимобилдер.

Саламаттык сактоо министрлиги бул реанимобилдер Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан алынганын кабарлады.

Жаңы машинелер Талас облусунун, санитардык авиациянын жана Бишкек шаардык «Тез жардам» станцияларынын арасында бөлүштүрүлдү.

2019-жылы ишке кирген «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн каражатты өкмөт «Тез жардам» кызматын өнүктүрүүгө жумшап, автоунааларды жаңыртуу пландалган. (BCh)

Дагы караңыз

ӨКМ Миң-Куштагы өрт боюнча маалымат бердиКесиптик кошуундар эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлаштыЖер Ортолук деңизде мигранттар түшкөн кайык чөгүп кеттиӨсмө менен ооруган аялдар Саламаттык сактоо министрлигинде пикетке чыгышты