Румынияда жаңы өкмөт куралды

Румын өкмөтү алгачкы жыйынын өткөрүп жаткан учуру.

Румынияда парламент оңчул-центристтик коалициялык өкмөт курады. Премьер-министрликке АКШда билим алган банкир Флорин Кыцу шайланды. Бул өкмөткө парламенттеги 260 депутат макул болсо, 186 депутат каршы добуш берди. Кыцу коронавирус кризисин жеңип, экономиканы жолго коюуну өкмөттүн башкы милдети катары атады.

48 жаштагы Флорин Кыцу Улуттук либералдык партия түзгөн өкмөттө финансы министри болуп иштеген. Ал АКШдагы Айова университетинде экономика жаатында билим алган.

Румынияда парламенттик шайлоо 6-декабрда өткөн. Анын жыйынтыгында парламентке келген мурдагы премьер Людовик Орбан жетектеген Улуттук-либералдык партия, USR-PLUS альянсы жана венгер улутундагылардын Демократиялык бирикмеси оңчул коалиция түзгөн. Ал эми шайлоодо алдыга чыккан социалисттер эч бир саясий күч менен бириге албаганы үчүн оппозицияда калды.