Жогорку сот УКМКнын коррупция тууралуу айыптоосунда негиз жок экенин билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сот бийлиги соңку мезгилде аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринин өкүлдөрүнүн сотко чейинки текшерүү маселелерин эл алдына чыгарган конструктивдүү эмес сынына көп кабылып жатат. Бул тууралуу 24-декабрда Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме тараткан маалыматта бийликтин сот бутагынын өкүлдөрүн айыптаган ачык билдирүүлөр сот бийлигин жаманатты кылары, мындай көрүнүш элдин сот органдарына ишенимин жоготуп, мыйзамга каршы келери белгиленди.

Жогорку сот күнөөсүздүк презумпциясы (айып далилдене элек абал) жазык сот өндүрүшүнүн негизги принциптеринин бири экенин эскертип, айыпталып жаткан адамдын күнөөсү далилденип, сот өкүмү күчүнө кирмейинче ал айыптуу деп эсептелбей турганын белгиледи.

Мекеменин билдирүүсүндө: «Автоматташтырылган маалыматтык «Жергиликтүү сот» системасы боюнча долбоор Европа Биримдигинин «Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгү» долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Ал боюнча тендер өткөрүү жана тандоо ишин эл аралык уюм өзү жүргүзөт. Ошондуктан, Жогорку соттун жетекчилиги жана кызматкерлери айтылган айыптоолорго тийиштүү боло албайт» деп жазылды.

Бүгүн, 24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат берип жатып Жогорку сотто «Жергиликтүү сот» системасын ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын жана ага төрайым Гүлбара Калиеванын тиешеси бар экенин айтып, эгер соттор боюнча тартип комиссиясы макулдугун берсе ал камакка алынарын айткан. (RK)