Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын ичиндеги кылмыштары боюнча иш изилденип бүттү, эми анын тышкы аткезчилик байланыштары боюнча жаңы иш козголуп, тергелүүдө. Бул тууралуу 24-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди:
«Эми Матраимовго сырт жакта кылган кылмыштары, башка өлкөлөр (Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Орусия ж.б.) менен аткезчилиги боюнча жаңыдан кылмыш ишин ачып, ошону тергей баштадык. Эми биз сырт жакка чыгабыз. Анын сырттагы кайсы бир мүлкү болсо, ошолорду да тактайбыз. Дубайда, Америкада, Европада мүлкү бар деп жатат. Матраимов үй камагында калат. Аны өлкөдөн чыгарбайбыз, иштер такталып бүткүчө».
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.
Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.
Ташиевдин айтымында, бул айып боюнча Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке төгө турган 2 миллиард сомду толук кайтарып бүттү, иш жакында сотко жөнөтүлөт. Далилдерге ал күнөөсүн моюнга алганы, тергөө менен кызматташып, толук көмөктөшкөнү жана кылмыштын башка да катышуучуларынын жүзүн ачканы себеп болду.
Матраимов УКМКнын айыптоосу жана мамлекетке төгүп жаткан каражат тууралуу комментарий бере элек. (RK/BTo)