Коронавирустан үч киши каза болуп, 186 жаңы учур катталды

Коронавирус жуккандар Бишкек шаарында көп.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 24-декабрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 менен пневмониядан үч киши каза болду. 186 ​кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1340 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 79 845 ​адамга жетти.

Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 73 870 адам.

Стационарда 1418 ​бейтап дарыланууда. 2320 ​үйдө дарыланууда.

24-декабрда дагы бир медицина кызматкерине коронавирус жуккан учур аныкталды. Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4081 ​кишиге жетти, алардын ичинен 3865 медкызматкер айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 80ден ашты. (BCh)

Дагы караңыз

УКМК төрагасы Ташиевдин экинчи жыйыны өттүАскерлердин күмөн санаткан машыгуусу Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)Миң-Кушта эки кабаттуу турак жай күйүп кеттиБШК референдумга байланыштуу дагы жети үгүт тобун каттадыМилиция: Солтон-Сарыдагы алтын кенин басып алуу тууралуу маалымат текшерилүүдө