Орусиянын Мамлекеттик Думасы 23-декабрда үчүнчү окууда кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, эми кайсы бир жарандар же коомдук бирикмелер «чет өлкөлүк мамлекеттин кызыкчылыгында» же эл аралык уюмдардын кызыкчылыгында «саясий ишмердик менен» алектенчү болсо, Орусиянын аскердик ишмердиги жөнүндө маалымат жыйнаса же чет өлкөдөн каржылык колдоо алчу болсо, анда алар «чет өлкөлүк агент» катары таанылууга тийиш.
Дагы караңыз Кремль «мурдагы президенттин» камын ойлойтШаршембиде (23-декабрда) кабыл алынган дагы бир мыйзамга ылайык, эгерде жекече тараптар агент катары атайын тизмеге киргизүү тууралуу арыз жазбаган болсо жана өз ишмердиги тууралуу баяндама бербеген болсо, анда алар беш жылга чейинки мөөнөттө түрмөгө кесилиши мүмкүн. Ушул эле мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк агент болуп саналган маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө да эки жылга чейинки мөөнөткө түрмө каралган.
Орусиянын аскердик тармагы туурасында маалымат чогултту деген доого кабылгандар үчүн кылмыштык жоопкерчилик дароо киргизилет. Калган доолор боюнча алгач административдик жаза, андан соң кылмыш жазасы каралган.
Дагы караңыз Навальныйдын фонду «тыңчыларга» кошулдуОрусиянын мыйзамдарында «саясий ишмердик» деген аныктама бүдөмүк жазылгандыктан, мамлекеттик бийлик өлкөдө агартуу, саламаттык сактоо жана экология тармактарында иш алып барган уюмдарды деле куугунтукка алышы ажеп эмес.
«Чет өлкөлүк агент» тууралуу Орусиянын мыйзамдарын укук коргоочулар, эл аралык уюмдар, кесиптик кошуундар кескин сынга алып келет. Орусиялык төбөлдөр менен депутаттар болсо «бул сыяктуу мыйзам АКШда деле бар» деп жооп кайтарып келишет.
Бирок АКШда чет өлкөлүк агент тууралуу мыйзам жазалоочу маңызга ээ эмес. Анын үстүнө «чет өлкөлүк агент» деген сөз айкашы англисче «чет өлкөлүк өкүл» маанисинде бейтарап айтылса, орусча вариантта «чет өлкөлүк тыңчы» деп көбүнесе терс мааниде кабыл алынат. (TT)