Бишкектин Свердлов райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ишин кароо 23-декабрда уланды.
Аида Салянованын тууганы Чынара Турдалиева «Азаттыкка» билдиргендей, сотто иштин материалдары изилденип жатат.
Материалдар изилденип бүткөндөн кийин тараптардын жарыш сөзү башталат. Кийинки жараян 30-декабрга белгиленди.
Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып 16 жыл сегиз айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыккан, саналуу өмүрү калган» деген негизде мөөнөтүнөн мурда Нарын шаарындагы түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, чартердик каттам менен Орусияга учуп кеткен. Кримтөбөл азыр Орусияда экени айтылып жүрөт.
Бул окуя боюнча Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен козголгон иштин негизинде жалпысынан 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен төрт кишиге өкүм чыккан.
Айыпталгандардын арасында тергөө менен кызматташууга макул болгон 14 кишинин бири Салянова болчу. Кийин ал тергөө менен келишимин токтотконун, бирок ага чейин жана андан кийин да иш боюнча берген көрсөтмөсүн өзгөртпөй турганын билдирген.
Свердлов райондук соту тергөө менен кызматташкандардын ичинен алты адамды 260 миң сомдон, төрт кишини 300 миң сомдон айыпка жыкты. Дагы төрт кишинин, анын ичинде Аида Салянованын иши сотто каралууда. (NT)
Дагы караңыз
Ишкерлер президенттикке талапкерлер менен жолугушатМурдагы мэр Албек Ибраимовдун иши өзүнчө карала турган болдуМилиция: Солтон-Сарыдагы алтын кенин басып алуу тууралуу маалымат текшерилүүдө Жаңы президентке үмүт жана талап