Кыргызстандагы ири бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү бүгүн, 24-декабрда президенттикке талапкерлер менен жолугушат.
«Orion» мейманканасындагы иш-чараны ишкерлер коомчулугу уюштурган.
Алардын маалыматына караганда, жыйында өлкөдөгү ири 25 бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү президенттикке талапкерлер менен экономика жана ишкерликти өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулоону көздөп жатышат.
Ошондой эле жыйында талапкерлер менен өнүгүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюлары күтүлүүдө.
Иш-чарага канча талапкер барары азырынча белгисиз.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөнү жатат. Ага 18 талапкер катышууда. (NT)
Дагы караңыз
Мурдагы мэр Албек Ибраимовдун иши өзүнчө карала турган болдуМилиция: Солтон-Сарыдагы алтын кенин басып алуу тууралуу маалымат текшерилүүдө Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш сотто каралат