Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш сотто каралат

Азиз Батукаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл деген Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча ишин кароону улантат.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдиргендей, жараян саат 14.00гө белгиленген.

Жогорку сот 30-ноябрда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ишти кайра кароого Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүп, 10-декабрда биринчи отурум өткөн.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөрүлгөн.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. (NT)

Дагы караңыз

Орусияда активист Юлия Галямина эки жылга шарттуу кесилдиИзраилдин парламенти үчүнчү жолу тарап кеттиИздөөдө жүргөн экс-мэрдин иши өзүнчө каралатОн бир талапкер жарандык коом менен "Укук жана эркиндик жөнүндө" келишимге кол койду