Израилдин парламенти үчүнчү жолу тарап кетти

«Кахоль-Лаван» блогунун лидери Бени Ганц жана Израилдин премьер-министр Биньямин Нетаньяху

Израилдин парламенти - Кнессет 23-декабрда мөөнөтүнөн мурда үчүнчү жолу тарап кетти. Эми өлкөдө эки жылда төртүнчү жолу парламенттик шайлоо өтүшү керек. Кийинки шайлоо 2021-жылдын 23-мартына белгиленди.

Израилде 2019-жылдан бери парламентке оңчул жана солчул күчтөрдүн ортосундагы тирештен улам саясий кризис өкүм сүрүүдө. Бири-бирине атаандаш партиялар өкмөттү куроо маселесинде мунаса таппай келет. 2019-жылдын апрель жана сентябрь айларында өткөн шайлоодон соң парламент өкмөт курай алган эмес. Израилдин мыйзамы боюнча, өкмөттү түзүү укугуна көп добуш алган партиянын лидери ээ болот.

2020-жылы жаздагы шайлоодон соң коалициялык өкмөт түзүлгөн. Анын шартына ылайык, учурдагы премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана «Кахоль-Лаван» блогунун лидери Бени Ганц өкмөттү кезектешип башкармак.

Бирок коалициядагы пикир келишпестиктерден улам өлкөнүн 2020-2021-жылдагы бюджети кабыл алынган жок. Нетаньяху жана Ганц бири-бирин "келишимди аткарган жок" деп айыптап келишет. Бул кырдаал кезектеги Кнессеттин тарашына жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун жарыяланышына алып келди.

Дагы караңыз

Орусияда активист Юлия Галямина эки жылга шарттуу кесилдиИздөөдө жүргөн экс-мэрдин иши өзүнчө каралатОор дарт менен алышкан Эсендин үмүтүОн бир талапкер жарандык коом менен "Укук жана эркиндик жөнүндө" келишимге кол койду