Кыргызстанда келерки жылдан тартып автоунааны каттоого алуу жана айдоочулук күбөлүк берүү боюнча кызмат баасы арзандайт. Бул тууралуу 23-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 1-январдан тартып «Унаа» ишканасы акча төлөнүүчү кызматтарынын акысын орточо эсеп менен 34% төмөндөтөт.
Азыр 184 сомдук кызматтын акысы 120 сомдун тегерегинде болот.
Азыркы баалар 2019-жылы аныкталган болчу.
Расмий маалыматка караганда, соңку жылдары Кыргызстанда автомашиналар кескин көбөйдү. 40 миң машинага эсептелген Бишкекте азыр 400 миңдей автоунаа бар. (RK)