22-декабрда кечке маал Бишкектеги Фрунзе атындагы заводдун металл эриткен мешинде болгон жарылуудан үч киши жарадар болду. Алардын баары Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди.
Аталган борбордун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, жабыр тарткандардын бирөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.
«Кечээ кечке маал үч киши заводдогу жарылуудан жабыркап келди. Алардын бирөө мээсинен жаракат алып, оор абалда реанимация бөлүмүнө, экинчиси күйүк бөлүмүнө жаткырылган. Оор абалдагы адам бүгүн эсине келип, жакшы болуп калды», - деди Кубатбеков.
Бул факт боюнча алдын-ала иликтөө иши башталып, өрт-техникалык экспертиза дайындалды.
Бишкекте бир нече күндөн бери меш жарылган окуялар катталууда. Өткөн жумада менчик үйлөрдүн биринин меши жарылып, беш киши жабыр тарткан.
Беш балалуу аялдын денеси 55% күйүп, реанимацияга түшкөн. (BCh)
Дагы караңыз
Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү жетекчи шайлоо боюнча кайрадан жыйын өткөрүүнү талап кылыштыӨзбекстанда мечиттеги чатак киши өмүрүн алдыКой-Таш окуясы боюнча сот уланатПентагондун убактылуу жетекчиси Ооганстанга барды