Парламент экономикалык мунапыска макул болду

23-декабрда Жогорку Кеңеш “Экономикалык амнистия боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөттү. Ушул эле күнү долбоор эки окууда тең кабыл алынып, жактырылды.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Гүлшат Асылбаева экономикага зыян келтиргенин моюнуна алып, анын ордун өз ыктыяры менен толтурган адамга карата коомдун мамилесин өзгөртүү максаты коюлуп жатканын айтты.

Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев мыйзамдын негизги максаты каражат түшүрүп калуу эмес, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу экенин билдирди.

Мыйзам күчүнө кирсе Жазык кодексинин 15 беренесине өзгөртүү киргизилип, чыгымды төлөп бергендер камакка алынбайт, салык төлөөдөн качуу, аткезчилик, мүлккө байланыштуу алып-сатуудагы мүчүлүштүктөр сыяктуу иштер экономикалык кылмыш деп эсептелет.

Парламенттин жыйынында айтылгандай, Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли 30 проценттин тегерегинде болууда.

«Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө» мыйзамга президенттин милдетин аткарып жаткан төрага Талант Мамытов 9-декабрда кол койгон. Документти Жогорку Кеңеш 5-ноябрда кабыл алган. Ал мыйзам өлкөдө мурда-кийин табылган 70 миллион сомго чейинки кирешелерди, мүлктү жана бизнести мыйзамдаштырууга жол ачат.

Айрымдар бул коррупционерлердин, олигархтардын кызыкчылыгы үчүн иштей турган мыйзам деп сындап жатышат. Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул мыйзамды «коррупционерлер үчүн бейиш» деп атаган болчу.

«Демек, уурулардын, кескилердин, коррупционерлердин бир жылы бар экен. Алар уурдап алганын акырын барып өзүнө жаздырып койсо андан «Муну кайдан алдың?» деп эч ким сурабайт экен, жооп бербейт экен. Мен ошон үчүн кийинки жыл коррупционерлер, уурулар үчүн бейиш жылы болот деп айтып жатам».

Президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын убактылуу токтоткон өкмөт башчы Садыр Жапаров 23-ноябрда «Жетинчи каналда» экономикалык мунапыс жарыялаганына бир ай болгонун жана мыйзамдар кабыл алынса, ал иштей баштай турганын билдирген. Ал экономикалык мунапыс жарыялангандан бери атын ачыкка чыгарбоону суранып, казынага акча төккөндөр бар экенин айткан болчу:

«Бир ай болуп калды. Жаңы мыйзам кабыл алынышы керек эле. Мыйзам экинчи окуудан өтүп, үчүнчү окуудан өтпөй турат деп жатышат. Эгер ошол мыйзам кабыл алынса, дароо күчүнө кирип иштей баштайт. Өз каалоосу менен төгүп жаткандар бар. Анын так суммасын сурай алган жокмун. Каражат чогулуп калды. Бир топ эле кишилер келип төгүп атат. Аттарын азыр айтууга болбойт. «Өз каалообуз менен төгүп жатабыз, атыбызды айтпай эле койгула» дегендер да бар экен. Эми анын баарын кийин отчёт менен беребиз. Бирок ысымдарын ачыкка чыгарбайбыз».

21-октябрда Жапаров экономикалык мунапыс жарыялап, өөнөлгөн акчаны кайтарууга бир ай убакыт берген.