БШК: Эл алдына ат минип чыккан талапкерлерге оозеки эскертүү берилди

БШК имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) шайлоо алдындагы үгүт эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөгөн жумуш тобу президенттикке талапкер болгон саясатчыларга оозеки эскертүү берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» 23-декабрда БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме билдиргендей, жумуш тобунун жыйынында айрым талапкерлер шайлоочулар менен жолугушуп жатканда аларга белек катары салтанаттуу түрдө ат мингизип жатышканы тууралуу маалымат талкууланды.

Жыйынга талапкерлер Курсан Асановдун, Садыр Жапаровдун, Аймен Касеновдун жана Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышып, алар аттарды белек катары кабыл албаганын, болгону сүрөт жана видео үчүн эл алдына минип чыгышканын айтып беришти.

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Мамлекет башчылык кызматка 18 талапкер ат салышууда. Азыр үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Айрым талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууда чепкен-тебетей кийип, атка минип, элден бата алып жаткан сүрөттөр Интернетте тараган.

Шайлоо алдындагы үгүт учурунда талапкерлерге колдоо акча түрүндө атайын расмий эсеп аркылуу гана жүргүзүлүшү зарыл. (RK)