Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 23-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароону улантары күтүлүп жатат.
Бул тууралуу айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Анын айтымында, өткөн аптада ишти карап жаткан сот кийинки жараянды 23-декабрга, саат 14.00гө белгилеген. Жараянга Атамбаев жеткирилүүгө тийиш.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында анын Кой-Таш айылындагы үйүндө болгон.
Анда УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 100дөн ашык киши жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Азыр күбөлөр суралууда. 250дөй күбөнүн ондон ашыгы суралып бүттү.
Буга чейин Атамбаев Батукаевдин ишине байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалууда. (NT)
Дагы караңыз
Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү жетекчи шайлоо боюнча кайрадан жыйын өткөрүүнү талап кылыштыАйлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук маселеси талкууланат«Азаттык»: Уурулар коркутуп, коомчулук колдоп турду 1993-жылдагы Конституцияга кайтууну сунуш кылган демилгелүү топ Юстиция министрлигине кайрылды