Талант Мамытов Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык интернатынан кабар алды

Балдардын психоневрологиялык интернаты. Жалал-Абад облусу.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 20-декабрда Жалал-Абад облусундагы мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын психоневрологиялык интернатына барды. Мамытов интернаттын жаңы имараты менен таанышып, балдардын саламаттыгына, аларга түзүлгөн шарттарга кызыкты. Аягында интернатка президенттик фонддон 100 миң сом тапшырды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Интернаттын директору Дамира Алимжанова маалымдагандай мекеменин имараты 1036-жылы карыялар үйү болуп ачылган. 1970-жылдан бери балдардын психоневрологиялык интернатына айланып, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды кабыл алып келет. Учурда интернатта Кыргызстандын түрдүү аймактарынан келген 87 бала бар.

2019-жылы күзүндө кыргыз өкмөтү менен Евробиримдиктин ортосундагы келишимге ылайык, бардык шарттары бар жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилген. (ZKo)

Дагы караңыз

Казакстанда коронавируска каршы Орусия иштеп чыккан вакцина өндүрүлө баштадыАзербайжандык банкирдин жубайы Лондондо сотто утулдуКазакстанга айдалып бараткан жылкылар кайтарылдыУкук коргоо уюму сот отурумдары боюнча мониторинг жүргүздү Ат-Башы ГЭСинин үчүнчү агрегаты ишке берилдиВице-премьер өспүрүм кызды күйөөгө берүү фактысы боюнча ишти көзөмөлүнө алдыКыргызстандык изилдөөчү БУУга арналган китептин каарманы болдуИманалиев: «Азаттыкка» кысым көрсөтүү туура эмесБеларуста соңку акцияда 150дөн ашык адам кармалдыКоронавирустун жаңы түрүнөн улам бир нече өлкө Британия менен каттамдарын токтотту