Ош шаарынын биринчи вице-мэри кызматтан кетти

Саибжан Турдуев.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул тууралуу буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов 21-декабрда кол койду. Тиешелүү маалыматты Ош шаар мэриясынын басма сөз кызматы таратты. Ага ылайык, Саибжан Турдуевдин ордуна азырынча эч ким дайындала элек.

Кесиби боюнча юрист, ишкер Саибжан Турдуев бул кызматка 2018-жылы май айында дайындалган.

Ош шаары ээлеген аймагы жана элинин саны жагынан баш калаа Бишкектен кийинки орунда турат. 2000-жылы шаардын үч миң жылдык мааракесин белгилөө учурунда ошол кездеги президент Аскар Акаев Ошко «түштүк борбору» деген макам ыйгарган. Бирок кийинки бийликтин тушунда бул макам алынган. (ZKo/DU)

Дагы караңыз

Коронавирус: «Британ штаммы» убайымга салуудаCOVID-19: Дагы бир киши каза болду, 132 бейтап жаңы катталдыТаласта өрттүн айынан бир киши каза болдуКыргызстанда доллардын расмий курсу бир күндө үч сомго арзандадыТалапкер Жапаров шайлоо фондунун булагын айттыОш: Саркарбаев соттун чечими менен эки айга камалдыБишкекте «Таш жүрөккө каршы» деген акция өтүп жататПискур: Жумалиевден акча талап кылгандарга Финполдун тиешеси жок