Бишкек шаарында 19-декабрда чыккан өрттөн 57 жаштагы жаран каза тапканын милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, каза болгон киши өрт чыккан дүкөндүн кызматкери.
Дагы үч адам күйүк менен ооруканага түшкөнү кабарланды.
Өрт Иса Ахунбаев жана Саякбай Каралаев көчөлөрү кесилишкен жерде жайгашкан имаратта чыккан. Күбөлөр өрт курал-жарак саткан дүкөндөн чыкканын жана ал имарат май куюучу станцияга жакын жайгашканын маалымдашууда.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт автоунаа жууган жайда эмес, сервистик борбордо болгонун билдирген.(NT)
Дагы караңыз
Бишкекте май куюучу станциянын жанында өрт чыктыКоронавирус дагы төрт кишинин өмүрүн алдыМилициянын кайгуул кызматындагы бош орундар үчүн сынактан жүздөн ашык киши өттү