Мал уурулардан кыргызстандыктар 71 миллион сомдон ашык зыян тартты

Кара-Балта шаарындагы мал базар.

2020-жылдын алгачкы 11 айында өлкө боюнча мал уурдалган 1096 факты катталып, 698инин бети ачылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады. Мал уурдаган 56 кылмыштуу топ аныкталды.

Жыл башынан бери кыргызстандыктар мал уурулардын айынан 71 миллион 210 миң сом зыян тартышты. Бул сумманын 39 миллион 61 миң сому өндүрүлүп берилди.

11 ай ичинде республиканын аймагында 3101 баш мал уурдалган, 1475 баш мал ээлерине кайтарылып берилген (1538 бодо мал уурдалган, 679 кайтарылган). Мал уурдаган жарандардын жаш курагы 18ден 40 жашка чейин болуп жатат. Жалпысынан 137 киши мал уурулук менен кармалды.

Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында эт чукул кымбаттап кеткендиктен, Айыл чарба, тамак аш жана мелиорация министрлиги ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөргө тирүү мал сатууну тыйган.

Ага чейин Кыргызстандын союмга жарамдуу малы Казакстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга сатылып келген эле. (BCh)

Дагы караңыз

Жогорку сот Бектур Асановго карата мурдагы өкүмдөрдү биринчи инстанцияга кайра кароого жибердиАдминистративдик сот Сооронкулованын Жапаровго байланыштуу арызын канааттандырган жокПутин: Кыргызстанда саясий түшүнүк өнүгө элекАКШда коронавируска каршы экинчи вакцинага уруксат берилиши мүмкүн