Жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталат

«Манас» айтып жаткан бала.

«Улуу Кыргыз Ордо», «Тайтебиш Эрк чыңдоо» жана «Көйкашка» коомдук уюмдары биргелешип өткөрүп келген жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталат. Бул тууралуу «Азаттыкка» маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева кабарлады.

Сынак аймактагы жаштарды Манас» эпосуна болгон кызыгуусун арттыруу максатын көздөйт.

Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен 2020-жылдын 20-декабрында «Манас» жана Айтматов улуттук академиясында өтөт.

Буга чейин өлкөнүн баардык аймактарынан жаш манасчылар үчүн аралыктан «Манас» айтуу сынак өткөрүлгөн болчу. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер, акчалай сыйлык, дипломдор тапшырылат. (MSd)