Роберт Левандовски жылдын мыкты футболчусу деп табылды

«Алтын топ» сыйлыгын тапшыруу аземи. Цюрих шаары. 17-декабрь, 2020-жыл.

«Бавария» футбол клубунун чабуулчусу, польшалык футболчу Роберт Левандовски Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) тандоосу менен «Жылдын мыкты футболчусу» деп табылды. 32 жаштагы Левандовски беделдүү сыйлыкка болгон жарышта дүйнөнүн мыкты футболчулары Лионел Месси менен Криштиану Роналдудан ашып өттү.

Роберт Левандовски быйыл жалпысынан 55 гол киргизди. Анын ичинен 15 голду футболчу Чемпиондор лигасында киргизди. Ал эми анын командасы «Бавария» Чемпиондор лигасын, Бундес лиганы, Германиянын кубогун, Германиянын жана Европа биргелешкен футбол ассосациясынын (UEFA) супер кубогун утуп алды.

Жылдын «Мыкты машыктыруучусу» наамын экинчи жылы катары менен «Ливерпуль» футбол клубунун башкы машыктыруучусу Юрген Клопко ыйгарылды.

Кыз-келиндер арасынан «Жылдын мыкты футболчу айымы» деп «Манчестер Сити» клубунун коргоочусу Люси Бронз табылды.

Сыйлоо салтанаты пандемияга байланыштуу быйыл онлайн өттү.

Жылдын мыкты футболчусуна бериле турган «Алтын топ» сыйлыгы 1956-жылдан бери ыйгарылып келет. Алгач бул сыйлык европалык оюнчуларга гана берилчү. 1995-жылдан тартып Европа клубдарында ойногон оюнчуларга бериле баштаган. 2007-жылдан баштап бул сыйлык бардыгына берилип келет. (GT)