Талдоо борбору: Референдум Конституциянын үч беренесин бузуу менен дайындалды

Мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдум Баш мыйзамдын үч беренесин бузуу менен дайындалды. «Конституциялык саясат институту» талдоо борбору ушундай жүйө менен Конституциялык палатага кайрылды.

Борбордун адистери «Мамлекетти башкаруу формасын тандоо боюнча референдумду дайындоо жөнүндөгү мыйзамды» кабыл алуу жараянында Конституциянын 3, 52 жана 80-беренелери бузулган деп эсептешет.

Кайрылуу 17-декабрда жиберилгенин, жооптуу тарап катары Жогорку Кеңеш көрсөтүлгөнүн талдоо борборунун жетекчиси Нурлан Садыков «Азаттыкка» билдирди:

«Жарандар республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга укуктуу экени Конституциянын 52-беренесинде көрсөтүлгөн. Бирок парламент муну эсепке албай, Баш мыйзамдын талабын бузду жана жарандардын укугу одоно тепселди. Коомчулук мыйзам долбоорун талкуулоого катышышы керек болчу. Мыйзамдар коомдук талкууга чыгышы керек. Референдум дайындоодо элдин үнү эсепке алынган жок».

Ошондой эле Садыков Конституциянын 3-беренесинде мамлекеттик органдар эл алдында ачык болушу керек экени жазылганын, бирок бул талап да аткарылбаганын кошумчалады. Андан тышкары, мыйзамдын шашылыш кабыл алынышы Конституциянын 80-беренесин бузганы айтылат.

Референдум 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо менен кошо өтөт. Анда жарандар башкаруу формасын төмөнкү тартипте тандашы керек:

- президенттик;

- парламенттик;

- бардык варианттарга каршы.

«Конституциялык саясат институту» талдоо борбору башкаруу формалары жөнүндө элге түшүндүрүү жүргүзбөй эле референдумга коюлушун туура эмес деп эсептейт.

Референдум өткөрүү тууралуу мыйзам Жогорку Кеңеште 9-декабрда биринчи окуудан өтүп, 10-декабрда толугу менен колдоо тапкан. Ага бюджеттен 40 миллион сомдой каражат жумшалат. (SE)

Дагы караңыз

Өзгөчө жагдайдагы саясий өнөктүк Референдумга карата үгүт башталдыЭлдин эркин сыначу референдумТекебаев партиялаштарын парламентаризм үчүн үгүт жүргүзүүгө чакырдыДастан Бекешев парламентаризмди жактап үгүт жүргүзүү үчүн БШКга арыз бердиКыргызстанга кандай башкаруу формасы керек?