Кытайдын станциясы Айдан топуракты Жерге жеткирди

Кытайлар Айдан топурак алып келишти. Кытайдын космостогу «Чанъэ-5» автономдук станциясы Жерге Айдын топурагы салынган капсуланы жиберди. «Синьхуа» агенттиги билдиргендей, аппарат Ички Монголиянын аймагындагы Сыцзыван районуна конду.

Бээжин автономдук зондун 24-ноябрда учурган. 1-декабрда Айга конуп, Кытайдын желегин сайган. Кытай Айдан топурак алып келген АКШ менен Советтер Союзунан кийинки эле үчүнчү өлкө болуп калды. Соңку ирет бул операция өткөн кылымдын 70-жылдары ишке ашырылган.