БУУ кийинки жылы жардамга муктаж оогандар 5 миллионго көбөйөрүн билдирди

Кабул.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде кийинки жылы мурдагыга караганда көбүрөөк оогандар каатчылыкка кабылышы мүмкүн. Уюм буга пандемия жана куралдуу кагылышуу себеп болот деп эсептейт. Баш катчынын гуманитардык иштер боюнча жардамчысы Рамеш Ражасингхам шейшембидеги басма сөз жыйынында жардам үчүн чукул арада каражат бөлүш керек экенин, кыштын келиши менен кырдаал ого бетер начарлашы мүмкүн экенин эскертти.

БУУ быйыл 11 миллион ооган жардам сураса, 2021-жылга карата 16 миллион кишини камсыз кылыш керек болот деп болжолдоп жатат.

Ал арада ооган президенти Ашраф Гани 15-декабрда «Талибан» менен тынчтык сүйлөшүүлөрү Катардан Ооганстанга көчүрүлөт деп үмүттөнөрүн айтты.

Сентябрда башталган диалог 5-январда тыныгуудан кийин уланмакчы.

Быйыл февралдын аягында Вашингтон менен «Талибан» тынчтык келишимин түзгөн. Документке ылайык, бардык чет элдик күчтөр ооган жергесинен келерки май айына чейин чыгарылууга тийиш. Бул үчүн талибдер коопсуздук кепилдиктерин берип, Кабул өкмөтү менен сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга көнгөн.

Катардагы сүйлөшүүлөргө карабай, Ооганстандын жер-жерлеринде кан төгүү токтобой жатат.

Октябрда БУУнун Ооганстандагы миссиясы быйылкы 9 айда зордук-зомбулуктан 2 117 карапайым киши өлгөнүн, 3 822 киши жарадар болгонун билдирген.