Вице-премьер-министр электр энергиясы автоматтык түрдө өчүшү мүмкүн экенин эскертти

Иллюстрациялык сүрөт.

16-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 13,1 млрд. куб метр суу калганын, андыктан электр жарыгынын автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу жаралганын вице-премьер-министр Равшан Сабиров парламенттеги жыйында билдирди.

Электр энергиясын колдонуу боюнча чектөөлөр азырынча бир да аймакта сакталбай жатканын эки күн мурун «Улуттук энергохолдингдин» өкүлдөрү да айтышкан. Ноябрь айында 36 млн кВт-саат энергия колдонулган.

Сабиров 14-15-декабрга карата бул көрсөткүч дээрлик 70 млн кВт-саатка жеткенин кошумчалады.

Электр энергиясы үнөмдүү колдонулбаса өлкө аймагында тартыштык жаралып, жарык өчүшү ыктымал экенин «Ош электр» жана «Жогорку чыңалуудагы электр тармактары» ишканасынын жетекчилери 16-декабрда Оштогу басма сөз жыйынында билдиришкен.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд. куб метрден ашуун суу батат. 2007-08-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. (SE)