Башкы прокуратура интернетте тараган «Ош облустук прокуратурасынын прокурору Союзбек Сарыков мас абалында сотко катышып, Ош шаардык сотунун имаратынын терезесинен качып кетти» деген тасмага байланыштуу кызматтык иликтөөсүн баштады.
Башкы прокурор өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмүнө Сарыковго байланыштуу факты боюнча кызматтык териштирүүнү уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлап, иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча берилген баа тууралуу кошумча маалымат болорун билдирди.
Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Союзбек Сарыков өзү Ош шаардык сотунун имаратынын терезесинен качып кеткенин «Азаттыкка» тастыктап, аргасыздан ушул кадамга барганын айтты.
«Коопсуздугумдан коркуп качканмын. Ал жерде прокуратуранын бир да кызматкери жок эле. Мени коргоп кала турган кызматкерлер болгон жок. Жумушумду бүтүрүп, коридорго чыгып кетип баратканымда мага кол салышты. Корктум. Судьянын бөлмөсүнө качып кирип, судьянын уруксаты менен качып кутулганга аргасыз болдум», - деген Сарыков мас болгону тууралуу айтылган кептерди четке какты.
Ош облустук прокуратурасынын прокурору Союзбек Сарыков судьянын бөлмөсүндөгү терезенин тосмосун бузуп качып кеткени тууралуу видео 12-декабрда Интернетке тараган. Тасмада ал катышкан сот отурумундагы кишилер коридордо Сарыковду адилетсиздикке байланыштуу айыптап, урушуп, жулмалашканын көрүүгө болот. Ошондой эле отурумга мас абалында келгенин айтып, нааразылык билдиришкен. (ZKo)
Дагы караңыз
Бишкекте атайын билим берүүчү жайлар ачылмак болдуУтурумдук башчы жана анын байланыштарыПрокуратура Тоң райондук сотунун чечимине каршы даттанатМПИ: Жактоочу Change.org платформасынын бөгөттөлүшү боюнча Жогорку соттун чечимин күтүүдө Жогорку соттун судьясы эбегейсиз баюуга байланыштуу шектүү катары камалдыБаласын аёосуз сабаган кыргызстандык ата Москвада соттолдуДүйнө кубогунда Айпери Медет кызы жарым финалга чыктыЧүйдө өспүрүм өзүн атып мерт болду