Дүйнө кубогунда Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Айпери Медет кызы.

Балбан Айпери Медет кызы Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө кубогунда жарым финалга чыкты.

Дүйнө кубогу ушу тапта Сербиянын Белград шаарында өтүп жатат.

Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта килемге чыгып, мелдешти чейрек финалдан баштады. Алгачкы беттешинде Айпери болгариялык Мария Оряшкованы 5:1 эсебинде утуп алды.

Эми анын жарым финалдагы атаандашы германиялык балбан айым Аллин Роттер Фокен болмокчу. Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.

14-декабрда кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта мелдештин финалына чыкты. Ал финалга чейин үч атаандашын ишенимдүү утуп алды.

Эми Айсулуу финалда Европа чемпиону, латвиялык балбан Анастасия Григорьева менен күч сынашмакчы. Күрөш ышкыбоздору Айсулуунун беделдүү мелдештин алтын байгесин утуусуна бир эле кадам калганын айтып, балбан кызга ишеним артууда.

Финалдык беттештер бүгүн, 15-декабрда Бишкек убактысы боюнча 23:00дө башталат. (GT)