АКШда Шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү добуш берет

АКШнын шайланган президенти Жо Байден.

АКШда бүгүн Шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрү ар бир штаттын борборунда чогулуп, президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы боюна добуш берет.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы Вашингтонго жөнөтүлүп, ал 2021-жылдын 6-январында вице-президент Майк Пенстин төрагалыгында өтчү Конгресстин кош палатасынын жыйынында жарыяланат.

Бул жолку шайлоодо Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден учурдагы президент Дональд Трампка караганда 7 миллион шайлоочунун добушун көп алды. Президенттик шайлоодо жеңүүчүнү аныктаган штаттардагы шайлоочулар коллегиясынын саны боюнча Байден 306, ал эми Трамп 232 добуш алды. Шайлоодо утуп чыгыш үчүн 270 добуш алуу жетиштүү болчу. Бирок президент Дональд Трамп шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, добуш берүүдө бурмалоо болду деген маанидеги билдирүүлөрдү жасап жатат.

Трамптын шайлоо командасы бир нече штаттагы добуш берүү боюнча сотко кайрылган. Бирок алардын дээрлик бардыгын сот негизсиз деген жүйө менен четке какты.

Шайлоочулар коллегиясынын расмий жыйынтыгын чыгарган соң Жо Байден америкалыктарга кайрылары күтүлүүдө.