Ысык-Ата районундагы өрттөн төрт киши каза болду

Өрт өчүргүчтөр.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан мал сарайда 13-декабрда чыккан өрттөн үч бала жана бир аял каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча ыкчам көмөк көрсөтүү башкармалыгы кабарлады.

«13-декабрда Чоң Чүй каналынын жээгинде жайгашкан кашарлардын биринде өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Болжол менен түшкү 14:35дер чамасында сарайдын чатырында өрт чыгып, адамдар жашаган эки бөлмөсү толук өрттөнүп, буга кошумча 320 чарчы метр сарай да өрттөндү. Үйдөн төрт кишинин сөөгү чыкты. Алар: 25 жаштагы келин, төрт жашар кыз, алты жана үч жаштагы балдар. Өрт болгон жерге 27-отряддын эки тобу жана Аламүдүн базарынын өрт өчүрүүчү атайын автоунаасы тартылды. Өрттүн себеби азыр такталууда», - деди ӨКМдин нөөмөттөгү офицери.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылдын он айында Кыргызстанда жалпы 2045 өрт катталган. Тилсиз жоонун чыгымы 473 млн. сом деп эсептелди. (BCh)

Дагы караңыз

Аймактарда коопсуз миграция тууралуу маалымат өнөктүгү башталдыОшто прокурор Союзбек Сарыковго байланыштуу кызматтык иликтөө башталды Соңку бир суткада дагы 318 адамдан коронавирус табылып, беш киши көз жумду Кыргызстандык балбан Руслан Царев Дүйнө кубогунда коло байге утту