Аймактарда коопсуз миграция тууралуу маалымат өнөктүгү башталды

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар.

Мигранттардын эл аралык күнүнө карата «Карыялар үчүн ресурстук борбор» менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу кеңештери Кыргызстандын аймактарында «Коопсуз эмгек миграциясы» аттуу өнөктүктү баштады.

Жыл сайын 18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнү белгиленип, алардын укуктары, эркиндиги жана кызыкчылыгынын корголушу тууралуу маалыматтык иш-чаралар өтөт. 14-декабрда башталган өнөктүк 20-декабрга чейин Ош, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында уланат. Иш-чаранын алкагында миграцияга байланыштуу укуктук маселелер, бара турган өлкөлөрдүн өзгөчөлүктөрү, тобокелчиликтер тууралуу маалымат берилет.

Миграция кызматынын расмий эсеби боюнча 2019-жылга карата 735 миң кыргызстандык чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүрөт. Алардын 640 миңдейи Орусияда, Казакстан менен Түркияда 60 миңдей, Европа, АКШ, Жакынкы Чыгыш жана Түштүк Азия өлкөлөрүндө 15 миңдей эмгек көчмөнү бар. (BCh)

Дагы караңыз

Сот Бакир Таировду 2-февралга чейин камакта калтырдыАКШнын Финансы министрлигинин почтасына чабуул коюлду13 жаштагы кыздын атасы райондук соттун чечимине каршы даттанатТрамптын жактоочулары менен каршылаштары Вашингтондо кагылышты