Чет өлкөлүк бийликтин колдоосундагы хакерлер АКШнын Финансы министрлиги телекоммуникацияны жана Интернетти тескеген федералдык агенттик менен кат жазышкан почтасын бузуп киришкен. Алар мындай жол менен Кошмо Штаттардын башка мамлекеттик кызматтарынын электрондук почталарына да кирген болуш керек деп шек саналууда.
Улуттук коопсуздук кеңеши хакердик чабуул тууралуу маалыматтарды ырастаган да, төгүндөгөн да жок. «Reuters» маалымат агенттиги Финансы министрлигинин почтасына коюлган чабуул тууралуу ишембиде Улуттук коопсуздук кеңеши атайын жыйынга чогулганын кабарларды.
Азырынча чабуулдун артында кайсы мамлекет турганы да белгисиз. Адистер чабуул өтө бийик техникалык деңгээлде болгондуктан, мунун артында башка бир мамлекеттин бийлиги турат деп эсептешет.
Мурда АКШ өзүнүн телекоммуникация жана маалыматтык инфратүзүм тармагына коюлган чабуулдар үчүн Орусиянын, Ирандын, Кытайдын жана Түндүк Кореянын бийлигин айыптап келген.
Дагы караңыз
Трамптын жактоочулары менен каршылаштары Вашингтондо кагылыштыАкыркы окуу жылында Кыргызстанда 2834 бала мектепке барган эмесОпера жана балет театры карантинден кийинки сезонун баштадыCOVID-19: Вакцина жана Германиядагы «экинчи толкун»Ошто Чыңгыз Айтматовго арналган интеллектуалдык таймаш өттү«Таймс»: Орус бийлиги Навальныйды экинчи ирет да уулантууга далалат кылганЧындыкты чырактай туткандар көпчүлүк болбосо коом, мамлекет өспөйтГерманияда карантин чаралары күчөтүлдү