COVID-19: Соңку суткада каза болгондор катталган жок

Кыргызстандагы лабораториялардын биринде. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 341 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды. Каза тапкандар катталган жок. Бул тууралуу 12-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Илдет жаңы катталгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына(112), Чүй облусуна (93) жана Ысык-Көл облусуна (68) туура келет. Ош шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 35, Баткенде 17, Ош облусунда 14, Таласта 6, Нарында эки адам коронавирус жуктурган.

12-декабрга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 447 болду.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 77 059 кишиге жукту. Анын ичинен 69 794 адамдын айыкканы айтылды. Вирустан 1307 адам кайтыш болду.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч киши 18-мартта аныкталган. (ZKo)

Дагы караңыз

Президенттик шайлоону уюштурууга мониторинг башталдыКыргызстанда Улуттук адабият күнү белгиленип жататЫсык-Көлдө эки балыкчы чөгүп кетти Атайын кызмат артынан түшкөн генерал Мамлекеттик түзүлүш боюнча референдум тууралуу мыйзамга кол коюлдуАКШ Конгресси Трамптын вето коюу тууралуу коркутуусуна карабастан коргоо жаатындагы мыйзам долбоорун жактырдыӨзбекстанда газ сурагандар көчөгө чыктыГрузия: Оппозициянын бойкотуна карабай парламент ишин баштадыБакир Таировдун кармалышы жана «Биримдик»