Ысык-Көлдө эки балыкчы чөгүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

Тоң районундагы Кара-Талаа айылынын "Арал" участогунда 11-декабрь күнү кечинде эки балыкчы чөгүп кеткен.

Окуя болгон жерге Тоң районунан куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү эл барган. Издөө иштеринин жыйынтыгында Кара-Талаа айылынын 43 жана 50 жаштагы тургундарынын сөөгү 3 метр тереңдиктен, жээктен 20 метр алыс жерден табылды. Балыкчылардын кайыгы суунун астында калган.

Куткаруучулар сөөктү Тоң райондук милиция кызматкерлерине тапшырып берди. Укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын аныктап жатат.(KS)

Дагы караңыз

Мамлекеттик түзүлүш боюнча референдум тууралуу мыйзамга кол коюлдуБишкекте гендердик теңсиздикке каршы марш өтөтАраз-Араз: Ырдан чыккан сөз чыры АКШ Конгресси Трамптын вето коюу тууралуу коркутуусуна карабастан коргоо жаатындагы мыйзам долбоорун жактырдыБШК 18 талапкер топтогон кол тамгаларды жарактуу деп таптыӨзбекстанда газ сурагандар көчөгө чыктыТИМ АКШнын коррупцияга каршы сунушу үчүн ыраазычылык билдирди Бакир Таировдун кармалышы жана «Биримдик»Грузия: Оппозициянын бойкотуна карабай парламент ишин баштадыЭлдин эркин сыначу референдум