«Time» журналы Жо Байден менен Камала Харристи «жыл адамдары» деп тапты

Жо Байден менен Камала Харрис.

Америкалык «Time» журналы АКШнын шайланган президенти Жо Байденди жана шайланган вице-президенти Камала Харристи «жылдын адамдары» деп тандады. Басылма 1927-жылдан бери «жылдын адамы» наамын жарыялап келе жатат.

АКШнын болочок жетекчилеринин сүрөтү журналдын башкы бетине басылып чыкмакчы. Талапкерлердин тизмесине бул ирет президент Дональд Трамп, пандемия менен күрөшүп келаткан медиктер жана расалык теңсиздикке каршы чыккан демонстранттар кирген. Трамп бул наамды президенттикке шайланган 2016-жылы алган.

Журналдын башкы редактору Байден менен Харрис тилектештик бөлүнүп-жарылууга караганда күчтүү экенин көргөзүп, АКШнын тарыхын өзгөрткөндүгү үчүн жылдын адамы деп аталганын жазды.

Басылманын редакциясы белгилегендей, бул наамды алган адам сөзсүз эле дүйнөнү жакшы жагына өзгөрттү жана журнал анын аракеттерин колдойт деп эсептелбейт. Бир жылдары Адольф Гитлер менен Йосиф Сталин «жылдын адамы» деп аталган.

Былтыр журнал бул наамды швециялык өспүрүм экоактивист Грета Тунбергге ыйгарган.