Кыргызстандын президентин шайлоого катышарын билдирген Кубан Чороев Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30 миң кол тамгасын жаратпоо тууралуу чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. Ал БШКнын бул чечимине каршы Бишкектеги административдик сотко кайрылды.
Чороевдин айтымында, арыз 10-декабрда берилген, алгачкы сот жараяны 12-декабрда өтөт.
БШКнын кол тамгаларды текшерген жумушчу тобу 7-декабрдагы отурумунда президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирген экономист Кубан Чороев тапшырган кол тамгаларды жараксыз деп тапкан. Боршайкомдун жумушчу тобу текшерүү учурунда Кубан Чороев үчүн кол тамгалар барактарды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп чогултула башталган жана муну менен эреже бузулган деп билдирген.
БШК дагы бир талапкер Кубаныч Токтосуновдун чогулткан кол тамгаларын жараксыз деп тапкан.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Башында бул кызмат орун үчүн ат салышарын 65 киши расмий билдирген. Учурда БШК 18 талапкердин кол тамгаларын текшерүүдө.
БШК президенттикке талапкерлерди 14-декабрга чейин каттоого тийиш. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталып, 9-январда аяктайт. (ZKo)
Дагы караңыз
Отунбаева: Партиясыз саясатта жеңиш болбойтМедиа полиси: Баш мыйзамдагы сөз эркиндиги тууралуу жоболор сакталып калышы керекИндия вакцина өндүрө баштайтТрамп «талаштуу» деген төрт штаттагы Байдендин жеңишин кайра карап чыгууну талап кылуудаАКШ Матраимовдун аялын да «кара тизмеге» киргиздиМамкаттоо 1982-жылдан 1992-жылга чейинки адам өлүмү тууралуу актыларды санариптештирип жататАКШ Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровго каршы кошумча санкцияларды киргизди Бозымчак кенинин жумушчулары ишке кайтууну талап кылып Бишкекте митингге чыгыштыАКШнын элчиси Дональд Лунун Матраимовго байланыштуу пикирин колдогондор пикетке чыкты