Соцтармактарда экстремисттик чакырык үчүн шек саналган киши Баткенде кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

«Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик уюмдарга таандык видеолорду, сүрөттөрдү жана Сириядагы согушту жактаган видеоматериалдарды таратып жүргөн жаранды Баткендин Кадамжай райондук милициясы кармады. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан мааалыматка ылайык, шектүү ошондой эле халифат орнотуу тууралуу чакырыктарды жасап жүргөн.

Бул иш боюнча Жазык кодексинин 315-беренесинин («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») негизинде сотко чейинки териштирүү иши башталды. Ал эми таркатылган маалыматтарга жүргүзүлгөн комплекстүү экспертиза алардын экстремисттик мааниси бар деп тапкан. Ага ылайык, Кадамжай милициясы 10-декабрь күнү райондун Үч-Коргон айылынын 45 жаштагы А.О. аттуу тургунун кармаган. Шектүү милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген. (JsA)

Дагы караңыз

АКШ Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровго каршы кошумча санкцияларды киргизди Бозымчак кенинин жумушчулары ишке кайтууну талап кылып Бишкекте митингге чыгыштыАКШнын элчиси Дональд Лунун Матраимовго байланыштуу пикирин колдогондор пикетке чыктыНидерланд тыңчылык боюнча шектүү орусиялык эки дипломатты өлкөдөн чыгарат Матраимовдордун доо арызы боюнча сот уланатБакиров: АКШ элчиси Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат (видео)COVID-19: Бир адам каза болду, 327 бейтап жаңы катталды«Тоо чаңгысы менен туристтерди тартcа болот»