ЖАМКка коронавируска каршы жабдуулар берилди

Түрмөлөрдүн биринде. Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалпы суммасы 5 млн. 492 миң сомдук медициналык жабдууларды, дезинфекциялоочу жана коргоочу каражаттарды Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка (ЖАМК) «Сорос-Кыргызстан» фонду берди.

Октябрь айында Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор, Акыйкатчы институту жана «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму чогуу жүргүзгөн иликтөө Кыргызстандагы жабык жайларда пневмониянын симптомдору миңден ашык адамдан байкалганын көрсөткөн. Алар жүргүзгөн иликтөөдө №47 колонияда миңге жакын адам пневмония менен кайрылганы жана алты адам каза болгону жазылган. 22 адам ПЧР тестин тапшырган.

ЖАМК өз дарегине дооматтарды четке кагып, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдеттин алдын алуу боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүп келе жатканын, быйыл жабык мекемелерде өпкөсү кагынып төрт адам, коронавирус инфекциясынан улам эки адам каза болгонун билдирген. (ZKo)

Дагы караңыз

Аргасыз учурдан акча жасагандар Финполдун мурдагы жетекчиси Бакир Таиров мажбурлап акча өндүргөн деген шек менен кармалдыЕвробиримдик Түркияга каршы санкцияларды узарттыАКШнын кеңеш берүүчүлөр комиссиясы «Pfizer/BioNTech» вакцинасын жактырды АКШ Матраимовдун аялын да «кара тизмеге» киргиздиМарат: АКШнын «кара тизмесине» адам укугун бузгандар да киретРеферендум мыйзамы шашылыш кабыл алынды