11 айда Кыргызстандын экономикасы 8,1% төмөндөдү

Кыргызстандын тыйындары. Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 511 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 8,1% артка кетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети баштапкы эсептерин чыгаргандан кийин кабарлады.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эске албаганда ИДӨнүн 11 айдагы көрсөткүчү 8,6% артка кетип, 452 млрд. сом болду.

Жалпы көрсөткүчтүн ичинен курулуш (16%), дүң жана чекене соода (15,6%) жана өнөр-жай 5,5%, артка кетти.

ИДӨ - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.

Өкмөт Кыргызстандын ички дүң өнүмү алгач 2020-жылга 5% өсөт деп болжол берген. Коронавирус пандемиясына байланыштуу көрсөткүчтөр кайра каралгандан кийин, тескерисинче 6,8-7% артка кетет деп расмий эсептелген.

Азия өнүктүрүү банкы жыл соңуна чейин Кыргызстандын экономикасы 10% чейин төмөндөй турганын эскерткен. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) төмөндөө 7,5% болот деп баалаган.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, 2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү 590 млрд. сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд. сомдон, 2018-жылы 569 млрд. сомдон жогору болгону такталган. (ErN)