Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумда бюллетенде үч суроо коюлат – «Президенттик башкарууну тандайсызбы?», «Парламенттик башкарууну тандайсызбы?» жана «Баарына каршы».
Бул тууралуу мыйзам долбоорунун автору депутат Акылбек Жапаров «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында көпчүлүк «Баарына каршы» деген вариантты тандаса анда азыркы иштеп жаткан Конституция өзгөртүлбөйт. Жапаров мындан тышкары буга чейин бир нече депутат «мыйзамды экинчи окууга алып чыгууда мыйзамдар, парламенттин регламенти бузулду» деп айткан сынга жооп берди.
«Регламентке киргизилген өзгөртүүлөрдүн баарын карап чыктым. Бул менин биринчи жазып жаткан мыйзамым эмес. Регламенттин 55-беренесине «социалдык, экономикалык абалды турукташтыруу учурунда, пандемия учурунда керек болуп калса биринчи, экинчи, үчүнчү окуулардын ортосундагы мөөнөттөрү жок эле саясий чечим кабыл алып, турмушка ашырса болот» деп так жазылган», - деди Акылбек Жапаров.
Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунун күн тартибине мамлекеттик түзүлүштү аныктоо тууралуу мыйзам долбоору 5-маселе болуп киргизилген. Бул документ 9-декабрда парламенттен биринчи окууда кабыл алынган.
«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзам экинчи окууга да жол-жоболорду бузуу менен чыгарылганын бүгүн да кайталады. Текебаев регламент боюнча мыйзамдар Жогорку Кеңештин жалпы кароосуна коюлушу үчүн ар бир окуунун ортосунда жок эле дегенде 10 күндөн убакыт талап кылынарын эскерткен.
Жарандык активисттер мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү жөнүндө референдум өткөрүүгө каршылыгын билдирип, жекшемби сайын пикет, митинг, жүрүш уюштуруп келатышат. Референдум менен өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушкан активисттер 9-10-декабрь күндөрү Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгышты.
Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны 20-ноябрда түзүлгөн Конституциялык кеңешме талкуулап жатат.
Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилеп жатышат.
Мыйзам долбоорун парламент кабыл алса, 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен кошо конституциялык референдум өткөрүлүшү мүмкүн. (BTo/ZKo)
Дагы караңыз
Активисттер депутаттарга «Маскарачылык жолун» уюштуруштуАлканова: Матраимовду «кара тизмеге» киргизип, АКШ бийлиги эки жүздүү саясат жүргүзүүдөТайырбек Сарпашев Финансы полициясына сурак берип жататАКШ Райымбек Матраимовго санкция салды Эркебаев: Конституцияны сыйлабасак башаламандык улана беретСаясатчылар тобу: Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышпашы керекCOVID-19: Үч адам каза болду, 379 бейтап жаңы катталдыОктябрдын башындагы окуялардан кийин инвесторлордон 300 млн. сомдой салык түшпөй калдыДепутат Акылбек Жапаровдун аялы салык жашыргандыгы үчүн бюджетке 28 млн. сом төктү