УКМК: Эки киши «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунан чыкканын билдирди

«Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов. Архивдик сүрөт.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин 52 жаштагы (З.Ж.) жана 37 жаштагы эки жаран «Женго» аттуу каймана ат менен таанымал Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунан чыкканын ачык жарыялады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеме билдиргендей, алар мындан ары мыйзамды толук сактоого милдеттенме алышты.

Факт Жазык кодексинин 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») боюнча ачылып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилген. Анын алкагында жогорудагы эки жаран аталган топтун мүчөсү экендиги такталган.

УКМК уюшкан кылмыштуу топторун жоюуга байланыштуу иштерди улантууда.

30-ноябрда атайын кызмат ушул эле «Женго» лакап аты менен белгилүү Кадыр Досоновго издөө жарыяланганын кабарлаган. Маалыматта УКМК Досонов оор кылмышка тиешеси бар экендигин аныктаганы жазылган. Учурда УКМК Досоновдун жүргөн жерин жана анын башка мыйзамсыз аракеттерге катышын аныктоо боюнча иш алып барууда.

Досонов Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шек саналган.

2013-жылдын 11-январында «ДЭУ-Нексия» үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде отурган Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишкен. Бул кылмыш ишине байланыштуу Кадыр Досонов 2015-жылдын 6-февралында кармалган. Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан. Ал 2017-жылы Жогорку соттон толук акталып чыккан.

ИИМ Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн үч кылмыштуу топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталганын мурда билдирген. (ErN)