«Эргүүгө айланган кыш» аттуу поэзия кечеси өтөт

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата «Эргүүгө айланган кыш» аттуу поэзия кечесин өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева билдирди.

Аталган поэзия кечеси 10-декабрда өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында, ал эми 11-12-декабрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде өткөрүлөт.

Кечеге белгилүү акын, жазуучулар жана чыгармачыл адамдар катышат.

12- декабрь - жазуучу Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген, акын Алыкул Осмонов каза тапкан күн. Буга байланыштуу 2011-жылдан бери ушул датада Улуттук адабият күнү белгиленип келет. (MSd)

Дагы караңыз

Тайырбек Сарпашев Финансы полициясына сурак берип жататЛукашенконун армян бийлигине берген кеңеши шардана болдуТрамптын командасы шайлоо жыйынтыгы боюнча арыздарды улантарын билдирдиМектеп-интернатта тамакка ууланган балдардын абалы канааттандырарлык