Мектеп-интернатта тамакка ууланган балдардын абалы канааттандырарлык

Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылындагы мектеп-интернаттын тамакка ууланган 23 окуучусунун абалы менен таанышты. Бул маалыматты «Азаттыкка» министр тастыктады.

Бейшеналиевдин айтымында, балдардын алтоо реанимацияга түшкөн. Баарынын ашказандары тазалангандан кийин абалы жакшы болгон. Учурда алардын саламаттыгы канааттандырарлык деп бааланууда.

Министр белгилегендей, уулануунун себептерин иликтеш үчүн атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Баштапкы маалыматтарга ылайык, балдар мектепте жасалган айрандан же гречкадан (буурчактын бир түрү) жасалган тамакка ууланышы мүмкүн.

Сегиз жаштан 20 жашка чейинки балдар 9-декабрга караган түнү №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Кыргызстанда 2018-жылдын 31-мартында Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында өткөн үлпөт тойдо жапырт уулануу катталган. Анда ооруканага кайрылгандардын саны 180 кишиден ашкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ресторандын жетекчилиги айыпка жыгылган. Андан бери да аймактарда жана борбор калаада ар кайсы мекемелерде 20-30дай киши ууланган учурлар катталып келет. (ErN\AiA)