Кыргыз-тажик чек арачылары Баткенде кездешти

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арачылары. Баткен, Кыргызстан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү чек ара тилкесине жакын Баткен облусунун Кара-Бак калктуу конушунда жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар анда 2020-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарып, 2021-жылга карата өз ара аракеттешүүнүн планын макулдашты. Андан ары чек ара бөлүктөрүнүн башчылары үчүн жоокерлердин сапка турушу боюнча биргелешкен машыгуулар өткөрүлдү.

Чек ара бөлүмдөрүнүн жетекчилери такталбаган тилкелерде чогуу кайгуул жүргүзүү милдеттерин тактап алышты. Эки мамлекеттин аскер кызматчыларына чек ара аймактарындагы тургундарга түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.

Мекеменин маалыматында Баткен чек ара отрядынын башчысы Кыялбек Төлөнбаевдин: «Чек ара кызматтарынын биргелешкен окутуулары 2015-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Ушул окутуулардын арты менен маалымат алмашуу жана чек арадагы кырдаалды ыкчам жөнгө салуу жакшырып жатат. Биргелешкен машыгуулар менен биз кыргыз-тажик тилкесиндеги инциденттерди үч эсе азайта алдык», - деп айткан сөзү келтирилет.

2014-жылы кыргыз-тажик чек арасында 32 чыр-чатак катталса, 2020-жылы тогуз чатак болгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.

Талаштуу тилкелер Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунун Тажикстан менен чектешкен аймактарында. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп болот. (ErN)

Дагы караңыз

Ферганада Кыргызстан премьеринин милдетин аткаруучу менен Өзбекстандын вице-премьери жолукту Кыргыз-өзбек чек аралаш аймак жетекчилеринин үчүнчү жыйыны жыйынтыкталдыЧек арадагы иштебеген система үчүн эки мекеме кайым айтышуудаДушанбеде кыргыз-тажик кызматташтыгы талкууландыКыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны Бишкекте өтөт