Ирандын Йемендеги элчиси АКШнын «кара тизмесине» кирди

Йеменде акыркы беш жылдан бери хуситтер менен жарандык согуш уланып келет.

Кошмо Штаттардын бийликтен кетип жаткан президенти Дональд Трамптын администрациясы 8-декабрда Ирандын Йемендеги элчиси Хасан Ирлуну «кара тизмеге» киргизди. АКШнын Финансы министрлигинин санкциялары Ирандын Кум шаарындагы Аль-Мустафа эл аралык университетине да тиешелүү.

Министрликтин билдирүүсүндө мындай чечим Йемендеги окуяларга байланыштуу кабыл алынганы айтылат.

АКШ элчи Хасан Ирлу жакында Йеменге хусит козголоңчуларына Иран бийлигинин элчиси катары жиберилген деп эсептейт.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө Иран Йемендеги хусит-козголоңчуларына расмий өкүлүн жиберип, аларды тааныган жападан-жалгыз өлкө экени айтылат.

Вашингтон Иран Йемендин өкмөтүнө каршы күрөшүп жаткан хусит козголоңчуларын мыйзамсыз жол менен куралдандырып жатканын билдирип келет. Тегеран мындай айыптарды четке кагууда.

Дагы караңыз

Норвегиянын парламентине коюлган киберчабуул үчүн орусиялык хакерлер айыпталуудаАКШнын Жогорку соту Пенсилваниядагы шайлоонун жыйынтыгы тууралуу Трамптын арызын четке кактыАбдил Сегизбаев: Салык менен бажыдагы коррупциянын башында Икрамжан Илмиянов турган Бишкек мэриясында бир топ жетекчилер алмаштыТалапкерлердин ичинен Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна эң көп акча түштү