Чеченстандын муфтийи никаб кийгендерди сындады

Иллюстрациялык сүрөт.

Чеченстандын муфтийи Салах Межиев никаб кийүүгө салынган тыюуну колдобой жаткандарга жооп кайтарды. «Кавказ.Реалии» басылмасы билдиргендей, анда Межиев мындай адамдарды «Алланын душмандары» жана «ваххабиттер» деп атады. Ал чечендер улуттук салттуу кийим-кечесин кийиши керек экенин билдирди.

«Биринчиден, эгер сен өзүңдү көрсөткүң келбесе, анда үйдө отур. Экинчиден, эгер алар толук чүмкөнүп алышса, алар өздөрүнөн айырмалангандарды туура эмес деп эсептей башташат. Андан кийин алар кур тагынып алып, башка бейкүнөө адамдарды өлтүрүүгө барат», - деп айтты муфтий.

«Грозный» мамлекеттик телеканалы ушул айдын башында борбор шаардын полиция башчысы Аслан Ирасханов менен Межиевдин никаб кийген кыз-келиндерди сынга алганы тууралуу сюжет көрсөткөн. Анда муфтий араб өлкөлөрүндө көзүн гана көрсөтүп, бети-башын толук чүмкөп алышарын, бул алардын салттуу кийими экенин, шариятка эч кандай тиешеси жок экенин айткан. Исраханов шаарда эч кимге никаб кийгенге уруксат бербей турганын эскерткен. Толук чүмкөнүп алгандарды араб өлкөлөрүнө көчүп кетүүгө чакырган.

Мындан эки жыл мурун Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) комитети никабга же аялдар кийе турган чүмбөттүн бир түрүнө салынган тыюуну адам укуктарын бузуу катары тааныган. Анын алдында Франция мусулман аялдардын никаб кийишине тыюу салган.

Дагы караңыз

Кыргыз боксун кыйырга тааныткан устат кеттиСаясий система маанилүүбү же лидерби?Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгара баштайтАрмян оппозициясы Пашинянга мөөнөт бердиБишкекте референдумга каршы жүрүш өттү