Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-декабрда «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланды. Райондук соттун басма сөз кызматынын билдиргенине караганда бул күнү судья материалдарды изилдөөнү улантып, соттун кийинки отурумун 14-декабрга белгиледи.
Текебаев менен Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.
Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти Биринчи май райондук сотуна кайтарган. Ал эми түрмөгө кесилген Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду сот 19-августта бошотуп, үй камагына чыгарган.
Эки саясатчы бул кылмыш ишти ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап келатат. (BTo)
Дагы караңыз
Конституциялык реформа: Бийликтин буйтаган ыкмасыШайлоо: талапкерлердин жарымы жолдон кайттыРеферендум мыйзамы кароого чукул чыгарылды Конституциялык палатанын аты жана заты талкуудаОрусияга кайткысы келген мигранттардын убарасы