Баткенде мектептин бир имараты өрттөндү

Өрттөнүп жаткан Чоң-Талаа орто мектеби. Баткен. 7-декабрь, 2020-жыл.

Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектепте өрт чыгып, бир окуу корпусу толугу менен өрттөнүп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча, 7-декабрдын таңында чыккан өрттөн жабыркагандар жок. Өрттү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүргүчтөрү өчүрүшкөн.

Учурда кырсыктын себеби иликтенүүдө.

Жергиликтүү кабарчыбыздын маалыматы боюнча, бул мектепте 330 окуучу окуйт. 1-5-9-11-класстын окуучулары кадимкидей окуп жатышкан. Өрт балдар мектепке келе элек убакта чыккан.

ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, акыркы сутканын ичинде өлкө аймагында тогуз өрт чыгып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Алдын ала маалыматтар боюнча өрттөн жабыркаган жарандар катталган жок. (JsA/ZKo)

Дагы караңыз

Реконструкцияланган «Исфана» аэропортунун ачылышы болотСадыр Жапаров: парламенттик башкаруу системасы бизнеске айланып кеттиОшто патрулдук милиция ишке кирдиКара-Балта: Мэр шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» фракциясынын талапкери уттуТоктогул суу сактагычында 13,4 млрд. куб метр суу барКамакка алууга карабастан, беларус оппозициясы нааразылык жыйындарын улантууда Коронавирус дагы эки кишинин өлүмүнө себеп болуп, 293 адамдан аныкталдыЭмгек сиңирген машыктыруучу Адылхан Бекболотов дүйнө салдыФерганада Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын башчыларынын жыйыны өтөтАрмян оппозициясы Пашинянга мөөнөт берди